• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн Боз-Учук айылындагы мектептин курулушу 80 пайызга аяктады

Аймак 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы жаңы мектептин курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, сырткы фасаддын декорациялары жана аймакты көрктөндүрүү боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, мектептин долбоордук кубаттуулугу 375 орунду түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий