• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдүн дыйкандары жаңы технологияларды активдүү колдонууда

Аймак 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Айыл чарба тармагында заманбап техникаларды колдонуу замандын талабы, - деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев.

ФАО Эл аралык уюмунан гранттык негизде “Рейна Кенч” дыйкан чарбасына дан эгиндерин себүү үчүн атайын техникасын берүү аземинде А.Осмоналиев жаңы техниканы колдонуу жер иштеткичтердин каражатын гана үнөмдөбөстөн, жердин катмарынын калыбына келишине шарт түзө тургандыгын баса белгилеп кетти.

“Жер колдонуучулардын атынан ФАО уюмуна ыраазычылык билдирем. Келерки жазда дыйкандар бул жаңы шаймандарды колдоно алышат. Келечекте биз дыйкандардын жаңы заманбап технологияларды колдонууга болгон кызыгуусун арттыруу керек”, - дейт өкүл.

ФАО долбоорунун серепчиси Дыйканбай Кенжебаевдин айтуусунда, 2015-жылдан баштап Ысык-Көл облусунда жерге агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана жердин түзүмүн жакшыртуу максатында биоорганикалык азыктар алыным келинген.

Пикир

Оставить комментарий