• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдүн кооз жерлери түшүрүлгөн интерактивдүү карта ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. «2ГИС» эл аралык маалымат тейлөө программасы Ысык-Көлдүн ажайып көрүнүктүү жерлерин даңазалаган интерактивдүү картаны ишке киргизди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектеги Эл аралык маалымат тейлөө «2ГИС» борборунун өкүлдөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен бирге Ысык-Көлдүн аймагында орун алган кооз жерлер түшүрүлгөн интерактивдүү картаны ишке киргизди.

Тизмеге: капчыгай, шаркыратма, көл, ашуулар, музейлер, архитектуралык эстеликтер жана Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ыйык жерлер камтылган.

«2ГИС-Ысык-Көл» долбоорунун куратору Ирина Макогондун айтымында, «2ГИС» системасы туристтердин эс алуусуна жакшы шарт түзөт. Маселен, тарыхка кызыккандар үчүн картага түшүрүлгөн Ысык-Көлдөгү эң кызыктуу жерлер боюнча пайдалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Тизмеде жаратылыш, архитектуралык жана жөнөкөй эстеликтер бар. Жалпысынан тизмеге 84 көрүнүктүү жер киргизилген. Алардын эң белгилүүлөрү бириктирилди. Тизмеде “Каракол”, “Семеновск”, “Григорьевск”, “Жети-Өгүз” капчыгайлары, “Өлүк көлү”, “Тамга-Таш” ташы, музейлер жана архитектуралык эстеликтер бар.

Пикир

Оставить комментарий