• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду спорттук имараттарды курууга 44 млн сом бөлгөн

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2021-жылга спорт тармагына жалпысынан 44 млн сом каражат бөлгөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Талды-Суу (сметалык баасы 13 млн 441 сом) жана Арал айылдарында (сметалык баасы 11 млн 743 сом ) заманбап спорт залдардын курулушу аяктап, колдонууга берилди.

Ошондой эле Тоң районунун Дөң-Талаа айылында (сметалык баасы 14 млн сом), Ысык-Көл районунун Тамчы айылында (сметалык баасы 13 млн сом) спорттук залдардын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Түп районунун Күрмөнтү (сметалык баасы 21 млн 306 миң сом) жана Кең-Суу (сметалык баасы 18 млн 619,5 миң сом) айылдарындагы спорт залдардын курулушу улантылууда.

Мындан тышкары, кичи футбол аянтчалары Ак-Суу районунун Үч-Кайнар (сметалык баасы 3 млн 514,9 миң сом), Боз-Булуң (сметалык баасы 2 млн 637 миң сом), Бөрү-Баш (сметалык баасы 2 млн 392,6 миң сом), Чолпон айылдарында (сметалык баасы 1 млн 500 миң сом), Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр (сметалык баасы 3 млн 181,1 миң сом), Григорьевка (сметалык баасы 3 млн. 302,6 миң сом) жана Ананьево (сметалык баасы 2 млн. 589,6 миң сом) айылдарында бүткөрүлүп берилди.

Жон-Булак айылындагы кичи футбол аянтчасынын (сметалык баасы 2 млн 851 миң сом) курулушу аяктоо алдында турат. Ал эми Чолпон-Ата шаарында (сметалык баасы аныкталууда) жаңы кичи футбол аятнчанын курулушу пландалууда.

Мындан тышкары, спорттук иш-чараларга ар бир райондордун спортчуларын колдоо максатында жалпысынан 4 млн 900 мин сом акча каражаттары бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий