• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21/ /Кабар/. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда текшерүү жүргүзүлгөн учурда аталган фондго Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан бөлүнгөн акча каражаттары узак мөөнөттөн бери системалуу түрдө башка максаттарга негизсиз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, курулуштарды курууга жана капиталдык ремонтторго тиешелүү проекттерге чыгымдалуучу каражаттардын сметалары фонддун башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте түзүлбөгөндүктөн жана бекитилбегендиктен, каражаттардын олутту бөлүгү максатсыз пайдаланылып, ыйгарылып алынган.

Жогорудагы жагдайлар, мамлекеттик каражаттарды жеке тараптардын тескөөсүнө өткөрүп берүү аркылуу ыйгарып алуу үчүн фонддун башкаруу органдарында туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгүн айгинелейт.

Анын натыйжасында Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча фонддун алдына коюлган тапшырмалар ишке ашпай, 2015-2020-жылдар аралыгында гана мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

2021-жылдын 5-мартында чогултулган материалдар КР Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий