• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин 2022-жылга карата биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, отурумга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты.

Жыйында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2021-жылда аткарган жумуштары боюнча маалымат берилип, фонддун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды.

Ошондой эле 2022-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык план бекитилди. Фонддун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоого, өндүрүш, женил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий