• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамы С.у.А жана "Е.С" ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси С.А.М. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 млн 171 миң 555 сомду түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында "Е.С" ЖЧКсы менен жалпы суммасы 7 млн 67 миң 126 сомго келишим түзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө дирекциянын кызмат адамдары менен подряддык уюмдун жетекчиси кылмыштуу макулдашууга барып, аткарылган иштердин актысы жок жалпы суммасы 7 млн сомду мыйзамсыз которгондугу аныкталган.

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин өлчөө боюнча комиссиясынын актысына ылайык, “Е.С” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмү 3 млн 206 миң 97 сомду түзгөн.

Аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 793 миң 903 сом зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий