• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдүн мектептери электрондук форматка өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Мугалимдердин конференциясында Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нургүл Мамбетова Ысык-Көл облусунда санариптештирүү кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Балыкчы шаарында тиешелүү иштер жергиликтүү бийлик менен бирге аткарылууда.

"Бизде Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бар. Алар бизге 7 миллион сом бөлүп берди. Ошол каражаттын негизинде бардык мектептерде "Акылдуу мектеп" программасын ачууну пландап жатабыз", - деди ал.

Аталган программада электрондук күндөлүк, электрондук журнал жана ата-эне менен болгон байланышты жакшыртуу каралган. Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын окуусу тууралуу маалымат ала алат.

Мамбетова, жыл аягына чейин баары даяр боло турганын белгилеп өттү.

Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Колесников атындагы орто мектептин директору Алмаз Калпаков, өзүнүн мектебинде киргизилип жаткан жаңычылдыктар жөнүндө айтып берди.

"Бизде бул жылы электрондук журнал, күндөлүк киргизилип жатат. Маалыматтарды жүктөй баштадык. Буйруса, сентябрь айына карата бүтөбүз. Бизде бир топ көйгөй бар. Мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл экенин айтып мамлекеттен жардам сурап кеткем келет. ", - дейт мектеп директору.

Калпаковдун айтымында, мектепте 700 окуучу билим алып, аларды жогорку билимдүү 50 мугалим окутат.

Пикир

Оставить комментарий