• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери Улуу Жеӊишке карата челлендж уюштурду

Жеңишке 75 0


Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин мааракелүү жылына карата "Улуу Жеңишке 75 жыл!" аталышында челленджди уюштурду.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган акция кандуу согуш жылдарында ата-бабаларыбыздын көрсөткөн эрдиктерине таазим кылуу менен бирдикте Жеңиш үчүн фронтто фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкөн биздин ардагерлерибизди жана тылда жанын аябай эмгектенгендерди эскерүү үчүн өткөрүлүүдө.

"Бул акциянын максаты – өзгөчө кырдаал учурунда жүйөлүү себептер менен Жеңиш күнүнө арналган майрамдык салтанаттар убактылуу токтотулса да, согушта өздөрүнүн кажыбас эрдиктерин көрсөткөн ардагерлерибиз унутта калбагандыгын, кийинки муундарга Ата-Мекенине ак ниеттик менен кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий