• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдүн Ново-Вознесеновка айылындагы мектептин курулушу 30 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы мектептин курулуш иштери 30 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан мектеп 375 окуучулук орунга эсептелген. Наркы 1 203 974 АКШ долларын түзүп, Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Учурда 265 483 АКШ доллары каржыланды.

Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан 100% га биринчи кабаттын кирпич менен тургузуу жана сейсмикалык баалуулугу иштери аяктады. Учурда экинчи кабаттын кирпич коюу, күчөтүү жана монолиттик колонналарын бетондоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилесек, долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга баардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Пикир

Оставить комментарий