• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн саламаттыкты сактоо мекемелерине жабдуулар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Ысык-Көлдүн саламаттыкты сактоо мекемелери жабдууларды алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин каржылоосу менен жүргүзүлүп жаткан "Саламаттык сактоо мекемелеринин автономиясы" аттуу долбоору ишке ашырылган. Долбоордун наркы 9,4 млн. швейцариялык франк же 611 млн сомду түзгөн.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз жана Түп райондору пилоттук болуп киргизилип, райондордун саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасы жакшыртылган.

"Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 3,189 млн. сомго облустук оорукананын борборлоштурулган диагностикалык лабораториясы толук оңдоо иштеринен өтүп, "Саламаттык сактоо мекемелеринин автономиясы" долбоорунун алкагында Швейцария мамлекетинин техникалык колдоосу менен облустук оорукананын лабораториясына 16,920 млн. сомго лабораториялык жабдуулар тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий