• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору: АӨБ $41,82 млн бөлүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана Гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртыларын айтты. «Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат», - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий