• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн суусу талаптарга туура келет

Коом 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Жакында эле Ысык-Көлдүн суусу текшерүүгө алынып, анын суусу белгиленген талаптарга туура келери тастыкталган. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттик белгилегендей, химиялык анализ көрсөткөндөй суунун сапаты балык чарбасы категориясы көлмөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп берет.

Суулар текшерүү үчүн Бостери, Тамчы, Кара-Ой, Тамга айылдарында, Чолпон-Ата шаарында, жалпы 20дан ашык жерде алынган.

"2016-2018-жылдар аралыгында суунун химиялык курамы жана сапаты дээрлик өзгөргөн эмес. Ал убакыт аралыгында агенттиктин кызматкерлери миңден ашык анализ жүргүзүшкөн. Белгилей кетсек, агенттик жылына үч ирет Ысык-Көлдүн сууларын текшерүүгө алат – сезон алдында, сезон учурунда жана сезон аяктагандан кийин. Агенттиктин эл аралык талаптарга жооп берген бир нече заманбап лабораториялары бар", - деп билдиришти агенттиктен.

Пикир

Оставить комментарий