• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-августта Тоң районуна караштуу Сырт жайлоосундагы “Жылуу суу” өрөөнүндөгү “Балгарт” суусунун агымына тоодон шагыл көчүп, бир үйдү суу каптагандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Тоң райондук ӨК бөлүмүнүн улук офицери А. Курманбек уулу, Темир-Канат айылынын айыл башчысы менен биргеликте “Сырт” жайлоосундагы “Балгар” суусуна шагыл түшүп, суу нугунан ашып жаткандыгын такташкан.

Шагылды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан атайын техника бөлүнүп берилген.

Учурда суунун нугун буру жана тазалоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий