• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көлдүн түштүгүндө эки орус жараны жол кырсыгынан каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Эки орус жараны 48 жаштагы аял жана 13 жаштагы бала, ошондой эле 47 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болушту. Бул тууралуу Ысык-Кол облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-августта болжол менен саат 12:30 чамасында Барскоон-Кумтөр унаа жолунун 52-чакырымында болгон. Орусиянын жараны 49 жаштагы Н.Евгений “Тойота-Лэндкрузер” унаасын айдап бара жатып, башкара албай жол кырсыгына кабылып, унаа төрт жолу тоголонуп кеткен. Натыйжада, РФнын жараны Т.Людмила жана КРнын жараны Р.Аида окуя болгон жерден каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү Орусиянын жараны Т.Тимофей ооруканада көз жумган.

Ал эми, 11 жаштагы Орусиянын жараны Т.Мария жана 6 жаштагы КРнын жараны Р.Амал, айдоочу Н.Евгений ар кандай түрдөгү жарааттары менен райондук Жети-Өгүз ооруканасына жеткирилишикен.

Пикир

Оставить комментарий