• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Тескей Жээк” этнофестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң айылында Саякбай Каралаевдин үйүндө 15-июлда “Тескей Жээк” этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын программасына көчмөндөрдүн ат оюндары, тыйын эңмей жана кыз куумай, салбуурун, жаачылардын, көк бөрүчүлөрдүн мелдеши кирген.

Ошондой эле, маданий программа, кол өнөрчүлүк көргөзмө өтөт.

“Фестивалдын максаттарынын бири Тескей Жээк этномаданий туризм багыты катары брендге айлантуу жана улуттук, көчмөн цивилизацияны жайылтуу, туристтерди кыргыз маданияты, аймактын жаратылышы менен тааныштыруу”, - деди КР ММТМ Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Мындан тышкары, улуттук тамак-аштар сунушталып, “Кара-Жорго” флешмобу өтөт.

Меймандар жана катышуучулар үчүн Чолпон-Ата жана Караколдон кичи бустар, таксилер каттайт.

Унаалар 15-июлда иш чаранын катышуучуларынын күтөт:

- Чолпон-Ата шаары – саат 7:30 Совет к. 169 (автобекетте);

- Каракол шаары – саат 8:30 Гебзе к. 124 ( «Демир» банктын каршысында);

- Нарын шаары - саат 7:30 Ленин к. 8 (СВТ-Community Based Tourism кеңсесинин каршысында).

17:00дө кайра Чолпон-Ата, Каракол жана Нарын шаарларына унаалар жөнөйт. Жол кире акысы билеттин баасына кошулган.

Пикир

Оставить комментарий