• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдүн жайлоосунда дайынсыз жоголгон казакстандык жаранды издөө уланууда

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 15-июлда Ысык-Көлдүн Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүрүп, дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Кечээ, 20-июлда издөө иштерине КР ӨКМден жалпы 14 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, туугандарынан 3 адам издөө иштерине тартылып, бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 21-июлда дагы уланат.

Эскерте кетсек, 15-июлда Ысык-Көлдүн Алак-Көл жайлоосунда Россия жана Казакстандан келген 5 турист бир үй-бүлө эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-жылы туулган К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий