• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдүн жээгин муз каптады (видео)

Аймак 0


Бишкек, 25.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ысык-Көл көлүнүн жээгин муз каптады.

“Кабар” агенттигине күбө Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Тулпар” пансионатынын жээгинде тартылган видеону жөнөткөн. Анда көлдүн жээгин муз каптагандыгын көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 26-29-январь аралыгында өлкө аймагында аномалиялык суук аба ырайы күтүлөт. Бардык райондордо абанын температурасы түнкүсүн -40 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

26-январда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7°, тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26°, күндүз -11…-16°.

Пикир

Оставить комментарий