• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө башталды

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 02.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары асманга салют атуу менен башталды.

Салтанаттуу иш-чара атайын театралдаштырылган программа менен коштолууда.

Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайлары менен Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, Татарстандын президенти Рустам Миниханов, Фуджейра эмиратынын ханзаадасы (БАЭ) Улуу урматтуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки, Венгриянын премьер-министр Виктор Орбан жана башка ардактуу коноктор, жергиликтүү тургундар күбө болушууда.

Пикир

Оставить комментарий