• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдүн жээгинде көчмөн стилде жасалган ири амфитеатр ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 22-октябрда ири “Dordoi Nomad” амфитеатры ачылды. Бул тууралуу “Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү Демилгелер фонду” коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган амфитеатр Борбор Азияда жок, уникалдуу объект болуп саналат. Ал көлдүн жээгинде жайгашып, дээрлик 1000ге чукул адам батат. Жасалгасы толугу менен көчмөн стилинде жасалган.

Маалыматка ылайык, объект 3 айдын ичинде курулуп бүткөн. Көрүүчүлөр отурганда сахнанын артында Ысык-Көл көрүнүп турат.

“Dordoi Nomad” сахнасында ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий