• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдүн жетекчисинин орун басары оңдоодон өтүп жаткан ооруканалар туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмү учурда оңдолууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнө республикалык бюджеттен 19 млн 378 миң сом бөлүнүп, 25 койка даярдалууда.

"Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан керектүү меджабдыктар менен камсыз кылуу үчүн 9 млн 911 миң сом бөлүндү. Болжол менен 6-сентябрда реанимациялык бөлүмдү ишке беребиз. Ошондой эле Ысык-Көл районундагы аймактык оорукананын 60 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнө республикалык бюджеттен 16 млн 640 миң сом бөлүнгөн. Жумуш 85%га бүтүп калды. Дагы бири Тоң районундагы оорукананын экинчи кабатын кыш мезгилине чейин иштетүүнү пландап жатабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий