• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Кѳлдө насыялык каражаттын эсебинен 3 билим берүү объектиси курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Ысык-Кѳл облусунда Сауд өнүктүрүү фондусунун насыя каражаттарына 3 билим берүү объектиси курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылында М.Жусупов атындагы, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Т.Сатылганов атындагы жана Тоң районунун Оттук айылында М. Мамбетов атындагы мектептери курулууда.

Белгилесек, бул жаңы мектептердин курулушу 925 орун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Учурда объекттерде фундамент куруу, монолит колонналарын бетондоо жана кирпич менен дубалдарды тизүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Подряддык уюмдарга объекттердин курулуш иштердин аткарылган көлөмүнө ылайык Сауд өнүктүрүү фондунун тарабынан 687 231 АКШ долларын каржылады.

Билим берүү объекттердин курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2021-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий