• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө облустук милициянын башчысы автомектептердин өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Канат Жумагазиев аймактын автомектептердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда автомектептердин курсанттарын жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чараларга тартуу менен аталган фактыларга жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү айтылды.

«Турмуш көрсөткөндөй, автоунааны айдоо тажрыйбасы тажрыйба менен топтолот. Ошондуктан, рейддик иш-чараларга жол коопсуздугун көзөмөлдөө тескөөчүлөрүнүн кызматына автомектептердин курсанттарын тартуу зарылчылыгы жөнүндө сунуш менен кайрылып жатабыз. Анткени, жумушка мындай биргелешкен мамиле менен биз курсанттарга жол эрежелери боюнча билимин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Ошол эле учурда айдоочулар менен жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн, облусубуздагы жол эрежелеринин бузуу фактыларын жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бирдиктүү аракеттенүүсүн күчөтүүгө жетише алабыз», - деп белгиледи Жумагазиев.

Жолугушууга катышкан Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүм башчысы Талайбек Канаев белгилегендей, мындай бирдиктүү аракет, автомектептердин курсанттарына билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгөсүн түзөт. “Бул келечектеги айдоочулардын негизги сапатынын калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүүчү зарыл шартты болот. Себеби, жол кыймылынын башка катышуучуларына болгон сый-урмат жана өз компетенттүүлүгүн жетиштүү баалоо жакшы айдоочунун негизги сапаттары болуп саналат”, - дейт ал.

Өз кезегинде автомектептин өкүлдөрү облустук милициянын демилгесин колдоп, курсанттар үчүн атайын жилеттер даярдалып, биргелешкен графиктин негизинде рейддик жана үгүт-насаат иш-чарасынын алкагында мектеп окуучуларына жолдон өтүүгө жардам берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев автомектептин өкүлдөрүнө курсанттарды сапаттуу окутууга жана үйрөтүүгө көңүл буруусуна басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий