• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө окуучу асынып алды

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кечээ, 6-майда Кара-Ой айылында мептеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери 2007-жылы туулган өспүрүм 6-майда эртең менен саат 9да короодогу тапчанда асынып алган жеринен табылганын аныкташкан. Аталган факт КЖБРга катталган.

Өспүрүмдүн денесинен зордук-зомбулуктун белгиси табылган эмес. Атасы жана туугандары экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы Бишкекте жашайт. Ал атасы, чоң атасы жана чоң энеси менен чогуу жашачу.

Аталган фактыны текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий