• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө он күндө 28 мас айдоочу аныкталды, арасында чиновник дагы бар - сүрөт, видео

Аймак 0


Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлоблусунда он күндүн ичинде 28 мас айдоочу аныкталды, алардын арасында мурдагы айыл өкмөт башчысы дагы бар. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан акыркы он күндүн аралыгында 1226 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 28 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жаткан жеринен токтотулду. Айып пул төлөнүүчү жайга 45 автоунаа киргизилди.

29-январь күнү Каракол шаарынан 52 жаштагы жарандын башкаруусундагы «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулганда, айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилип турган. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөндө, айдочу мас абалында экендиги аныкталган. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө, өзүн Ак-Суу районунун айыл аймактарынын биринин башчысы катары таныштырып, күбөлүгүн көрсөткөн. Кийинчерээк, айдоочу райондун социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси экендиги тастыкталган.

Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин ("Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү") негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынып, автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду.

30-январь күнү болжол менен түнкү саат 01:10 чамаларында Жети-Өгүз РИИБне «Тез жардам» станциясынан билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгону тууралуу маалымдалган. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жиберилген.

Алдын ала териштирүү боюнча, Жети-Өгүз РЭСтин «Фольксваген – Гольф 3» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын 34 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, карама-каршы келе жаткан «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, жол кырсыгына учураган. Жол кырсыктан улам, кызматтык автоунаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй, кызматтык автоунаанын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалында болгону аныкталган.

Жол кырсыгы боюнча чогулган иш кагаздар юридикалык баа берүү үчүн, райондук милицинын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий