• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө ордо оюну боюнча эл аралык турнир өттү

Аймак 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 25-28-июндар аралыгында улуттук ордо оюну боюнча “Алтын-томпой” эл аралык турнири өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын расмий ачылышында дирекциянын директорунун орун басары Аскар Мадаминов жана Ордо федерациясынын президенти Таалай Айталиев сөз сүйлөдү.

Турнирде Тажикстан, Казакстан, АКШ жана Кыргызстандын командалары катышты. Ошондой эле, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын командалары дагы таймашты.

Оюндун жыйынтыгында

1-орунга Кыргызстандын командасы

2-орунга Тажикстандын командасы

3-орунга Казакстандын командасы ээ болушту.

Иш чаранын уюштуруучулары билдиргендей, “Алтын томпой” турнирин өткөрүүгө бюджеттен 843 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий