• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө пансионат, эс алуу жайларынын курулуш эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы пансионат жана эс алуу жайларынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшере баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси ишке киргизилди.

"Бир айдын ичинде комиссия Кыргызстандын шаар курууну жана архитектура, экологияны сактоо жаатындагы мыйзамдарынын сакталышы боюнча инвентаризация жүргүзөт. Аягында текшерүүнүн жыйынтыктары коомчулукка жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий