• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө пансионатта өрт чыкты (ФОТО)

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 08:45те Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Буланды-Сөгөт айылынын Ысык-Көл пансионатында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:45те КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №35 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Саат 09:21де өрт чектөөгө алынып, саат 09:45те толук өчүрүлдү.

Алдын ала алынган маалымат боюнча өрттүн себеби электр зымдарын туташтырууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий