• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө пансионаттан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрда саат 03:55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында "Роял Бич" пансионатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 04:52де чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен пансионаттын кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн.

Белгиленгендей, өттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий