• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө погончон Аяз ата жана Аяз кыз балдарды жаңы жылы менен куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда погончон Аяз ата жана Аяз кыз балдарды жаңы жылы менен куттукташты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Каракол ИИБнын өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекторлору Болот Шоруков жана Салтанат Исмаилова Аяз ата менен Аяз кыздын кийимин кийип, ИИБдин жетекчиси Улан Асанбаев менен биргеликте мигранттардын жана жалгыз бой энелердин балдарын келе жаткан Жаңы-жылы менен куттукташты.

Асанбаев билдиргендей, ар бир үйдө Аяз ата менен Аяз кызды чыдамсыздык менен күтүшөт. Балдарга погончон Аяз ата менен Аяз кыз таттуу белектерден тышкары, жакшы маанай да тартуулашты.

Иш чаранын максаты - балдарга жакшы маанай тартуулоо менен өспүрүмдөр арасында жана аларга каршы зомбулуктун алдын алуу.

Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр иши боюнча бөлүмдөрдө каттоодо 11 миң жашы жете элек балдар катталган. Алардын ичинен 4 миңи ички мигранттардын жана 7 миңи сырткы мигранттардын балдары.

Милициядан билдиришкендей, балдардын көбү чоң эне, чоң атасынын же жакын туугандарынын колунда тарбияланышат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган кээ бир балдардын тилекке каршы жаңы-жылдык иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондук милиция кызматкерлери өз салымдарын кошууга аракет жасашты

Пикир

Оставить комментарий