• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көлдө президенттик шайлоону өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-ноябрь күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйында облус башчысынын биринчи орун басары Улан Далиев шайлоо учурунда ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар так сакталышы керектигин белгилеген.

“Шайлоо суук мезгилге туш келгенине байланыштуу пандемияны эске алуу менен бардык шайлоо тилкелери жылыткычтар, антисептиктер, медициналык беткаптар жана башка керектүү каражаттар менен камсыздалышы керек”, - деди ал.

Быйыл 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо Ысык-Көлдө 248 шайлоо тилкеси иштеген.

Пикир

Оставить комментарий