• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө «Өрүк-fest 2017» фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында «Өрүк-fest 2017» аталышындагы өрүк фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожошев билдирди.

Айылдын башчысы Руслан Эшмамбетовдун айтымында, райондогу тургундардын басымдуу бөлүгүнүн бакчалары бар. Анда тургундар алма, өрүк өстүрүшөт. “Бул ар бир үй бүлөгө киреше алып келет. Мындан улам бул фестивалды өткөрүүнүн биринчи максаты жергиликтүү дыйкандарды колдоого алуу болуп саналат. Фестивалга көптөгөн коноктор келишкен, алардын ичинде чет өлкөлүктөр дагы бар. Алар чет жакта биздин экологиялык жактан таза жер жемиштерибизди жарнамалайт деген ишеничтебиз”,-дейт Эшмамбетов.

Мындан тышкары ал быйыл 1 кг өрүктүн баасы 40 сом турганын кошумчалады. “Бул багбандар үчүн өтө жакшы баа. Алгач алар 1 кг өрүктү 30-35 сомдон сатып башташкан. Бир аз күн өткөн соң баа 15-20 сомго чейин түшүп кетчү. Азыр баа турукташып калды. Бул тургундарды кубантат”,-деди айыл башчысы.

Фестивалда дыйкандар өрүктөн жасалган джем, кыям, сок, компот, торт жана башка таттууларды алып келишкен. Мындан тышкары тематикалык сынактар, мастер-класстар, оюндар жана жарманке уюштурулду.

Алгачкы «Өрүк-fest 2016» фетивалы өткөн жылы Тосор айылында өткөн. Бул жылы эстафетаны Барскоон айылы алган болчу. 2018-жылы фестиваль Жаргылчак айылында өтө турганы маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий