• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө 3-өрүк фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 05.07.18. / Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында 28-июлда жыл сайын өткөрүлүүчү “ӨрүкФест-2018” 3-өрүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Фестиваль 3 жылдан бери жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын колдоосу менен түштүк жээкти бойлой жайгашкан айылдарда өткөрүлүп келет. Иш-чаранын активдүү катышуучулары Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарынын дыйкандары.

“Фестивалдын негизги максаты – Облустагы мөмө-жемиш өндүрүшүнүн өнүгүшү үчүн инвестицияларды тартууга көмөктөшүү, аймактагы туризмди өнүктүрүп, экологиялык баалуулуктарды пропагандалоо”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий