• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө Раппопорта паркын калыбына келтирүү боюнча иштер башталды

Аймак 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Раппопорта паркын калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Аскат Акибаев архитекторлор, токой чарбасынын жетекчилери жана Ысык-Көл районунун акими менен жолугуп, Раппопорта жаңы аллеясын түзүү маселесин талкуулады.

Анын айтымында, жаңы аллея ири маданий-эстетикалык комплекс болуусу керек, ал жерде масштабдуу фестивалдар өтөт.

“Бул аллеяда ири масштабдуу фестивалдарды, анын ичинде көпчүлүк өлкөлөрдө өткөрүлүп келген, мисалы Япониядагы сакуралардын гүлдөөсү фестивалы сыяктуу иш-чараларды өткөрүү керек. Бизде туристтерди тартуу чөйрөсүндө толугу менен ачыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар”,-деди А.Акибаев.

Эскерте кетсек, жаңы аллеяга ар түрдүү дарактарды, анын ичинде мурдагы Раппопорта аллеясындагы дарактардын бутакчаларынан калыбына келтирилген күмүш түстүү мырза теректерди отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий