• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө рейд учурунда бир нече чакырым браконьердик тор алынды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Мамэкотехинспекция Ысык-Көлдө рейд учурунда бир нече чакырым браконьердик торлорду алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, интернет булактарында Ысык-Көлдөгү браконьерлер тарабынан мыйзамсыз балык уулоо максатында жуздөгөн чакырым узундуктагы торлор жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Ошол эле учурда ведомствонун басма сөз кызматы белгилигендей, негизинен, Мамэкотехинспекциянын ар жылда чыгуучу браконьерлике каршы жана алдын алуу иш чараларын жүргүзүү боюнча буйругунун негизинде, ар дайым ыкчам рейддер уюштурулуп турат. Бул маалымат боюнча дагы, 2021-жылдын 24-апрелинде Мамэкотехинспекциянын мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерлике каршы ыкчам рейд жүргүзүлдү.

“Жыйынтыгында, мыйзамсыз балык уулоого салынган ар биринин узундугу 80-100 метрден болгон 36 даана кытай торлору көлдүн үстүнөн тазаланып, чечилди. Чечилип алынган торлор кескиленип, жараксыз абалга келтирилип, атайын таштанды таштоочу жайга ташталды. Рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоочу броконьерлер кезиккен жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, ушуну менен токтолбостон дагы рейддик иш-чара улантыла бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий