• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө түндө көчөдө жүргөн 55, эмгекке тартылган 49, тилемчилик кылган 8 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында 3-6-декабрь күндөрү “Өспүрүм” комплекстүү иш-чарасы өтүп, анда 400гө жакын милиция кызматкери, 200дөн ашык тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар тарабынан, жаш өспүрүмдөр түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүрө турган, тилемчилик менен алектенүүчү жана балдардын эмгегин колдонуучу 1000ден ашык жайлар жана коомдук жайлар текшерүүдөн өткөрүлдү.

Төрт күндүк иш-чаранын жүрүшүндө, түнкү саат 22.00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 55 өспүрүм, 49 эмгектенген жана 8 тилемчилик менен алектенген балдар аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча балдар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, ата-энелери да чакырылып, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин үйлөрүнө кайтарылды. Андан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, жаш өспүрүмдөр тарбияланып жаткан 5 оор турмуштук абалдагы үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-декабрдан баштап, КР укук бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирип, анда жеке жана юридикалык тараптарга жоопкерчиликтер каралган. Башкача айтканда, аталган кодексинин 74-беренесине ылайык, балдардын тыюу салынган же чектелген жерлерде болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүүсү, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салууга алып келинет.

Пикир

Оставить комментарий