• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө РФнын 9 жаштагы жаранын көчкү басып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Каприз" эс алуу жайынан 5 чакырым алыстыкта кар көчкү түшүп, бир адамды басып калган. Бул тууралуу КР ӨКмнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында катталып, ӨКМге саат 17:11де 2009-жылы туулган Ч.С.М., аттуу РФнын жаранын кар басып калгандагы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматка ылайык, ал ата-энеси менен өз алдынча эс алып жүргөн.

“Жерине чыгып кеткен куткаруучулар жеткенге чейин саат 17:53тө "Каприз" эс алуу жайынын куткаруучулары жана ата энеси тарабынан кыздын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылып, "Каприз" эс алуу жайынын медициналык пунктуна жеткизилген. Маркумдун сөөгү иликтөө иш чараларын жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине тапшырылып берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий