• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Тоң районунда жайгашкан "Кырк шейит" мемориалында 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы өз сөзүндө 1916-жыл кыргыз тарыхында эстен кеткис кайгылуу кара так экенин айтып өттү.

"Кыргыз эли өзүнүн эркиндиги жана адилеттүүлүк көтөрүлүшкө чыгып эбегейсиз эрдик кылган. Тилекке каршы 1916-жылдын август айы биздин тарыхыбызда кайгыга салган күндөрдүн бири болуп калат", - деп айтты облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий