• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарларынын, Түп, Ак-Суу райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан жергиликтүү тургундар арасында үймө-үй кыдырып, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында үгүт-наасат иштери өткөрүлдү.

Иш-чарада тургундарга кыш мезгилине кам көрүү жана электр приборлорун текшерүү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий