• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө өрт кырсыгы 20%га азайды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Ысык-Көл облусу боюнча 137 өрт кырсыгы катталып ( 2019-жылы 171 ) өткөн жылга салыштырмалуу 20%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн 2 адамдын өмүрү жана товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттүн жалпы санынан - 24,5 %ы турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу- 23 өрт, 16,8 %
  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан- 32 өрт, - 23,4 %
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда- 8 өрт, - 5,8 %
  • балдардын от менен ойноосунан - 6 өрт, - 4,4 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Каракол шаары – 47;
  • Балыкчи шаары -16;
  • Ак-Суу району -12;
  • Жети-Өгүз району -20;
  • Ысык-Көл району - 19;
  • Тоң району- 8;
  • Түп районун – 15 өрт кырсыгы катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • Бузук электр орнотмолорун ( розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • Күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • Балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • Күйүп турган тиричилик электр буюмдардын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • Электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун тилсиз жоодон алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий