• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 16% азайган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 16% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев билдирди.

“2020-жылдын 4 ай ичинде Ысык-Көл облусу боюнча 89 өрт кырсыгы катталган, ал эми 2019-жылы 106 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 16 % азайган. Тилсиз жоодон 2 адамдын өмүрү жана 45 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттүн жалпы санынан 16,2 пайызы турак жай секторунда болгон”, - деди Жумагазиев.

Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

- отко этиятсыздык менен мамил кылуу - 53 %;

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 7,7 %

- мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонууда - 9 %

- балдардын от менен ойноосунан - 3,4 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттүн бөлүнүшү:

  • Каракол шаары – 26 өрт;
  • Балыкчи шаары – 11 өрт;
  • Ак-Суу району – 4 өрт;
  • Жеты-Өгүз району – 12 өрт;
  • Ысык-Көл району – 16 өрт;
  • Тоң району -7 өрт;
  • Түп району – 13 өрт жана 1 адам каза болгон.

Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллион сомдон ашык түзүп, өрттөн 1 адам каза таап, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий