• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө өрттөн 2 адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 19-июнунда саат 17:22 чамасында 101 кызматына Ананеьва айылынын Советская көчөсүндө жайгашкан жеке ишкер Бориско Викторго таандык газ толтуруучу күйүп жаткан тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 18:31де чектөөгө алынып - бул демек өрттүн мындан ары жайылышы жок кылынган жана негизги очогу өчүрүлгөн, саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 20:45те өрт болгон жерге Чолпон-Ата шаарынын кошумча 1 бөлүм чыгып, өздүк курамдын жана техникалардын жардамы менен газ турган бочкаларды муздатууну уюштурушкан.

Өрттүн кесепетинен 30 тонналык жана 10 тонналык бочкаларда жаракалар пайда болуп, ал жерден газ чыккан. Өрттү алдын алуу максатында жеринде өздүк курамдан нөөмөт уюштурулган. Өрт болгон жерде Ысык-Көл облусунун ӨКМКБнын башчысынын орун басары жана Ысык-Көл районунун Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери иштешкен. Жалпы 34 кызматкер иштеген, 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.Өрт өчүрүүчүлөр жакын жайгашкан жерде (АЗС) май куючу жайда 25-тонна күйүүчү майды суу берип муздатып , өрт чыгып кетүүдөн сактап турушкан.

Ошондой эле, буга чейин өрт өчүрүүчүлөр суусу жок келген маалымат чындыкка дал келбейт, суусу жок өрт өчүрүүчү унаа барышы мүмкүн эмес. Алгач өрт “Газпромго” тиешелүү станциянын биринде чыккан деген маалымат келип түшкөн, кийинчерээк өрт өчүрүүчүлөрдүн тактоо иштеринин негизинде жеке ишкер Бориско Виктор аттуу жаранга тийиштүү газ толтуруучу жайда өрт чыкканы аныкталган.

Өрттүн натыйжасында 30 тонна цистернасы менен ДАФ унаасы ( мам. номери белгисиз); РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа, Газель унаасы цистернасы менен, 1 жеңил унаасы күйгөн.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 8 адам ар кандай күйүк жаракаттарды алышып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жаткырылды.

Өрттөн 2 адам каза болгон:

1. Б.В. 1965-ж.т. (эркек киши)

2. Б.Д. 2007-ж.т. баласы (эркек бала)

Пикир

Оставить комментарий