• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Булан-Соготу айылында түнү турак жайдан өрт чыгып, кожоюну каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, өрт Ленин көчөсү №24 катталган, “101” кызматына болжол менен саат 00:19 түшкөн.

“Өрттөн 9 чарчы метр турак үйдүн дубалдары, төшөнчүлөр, стол, отургучтар күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча 2011-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин 27 миң 558 өрт катталып, андан 496 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий