• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен үч наристе каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен үч наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 29-декбарда саат 15:15тер чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен саат 22:33тө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала ( 2 жаштагы эки кыз жана 5 жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий