• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн ЖКнын депутаты сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Ысык-Көлдү багындырган Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбековду Бишкек шаарында сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов 54 жаштагы депутатка кубок менен мактоо баракчасын тапшырып жатып, ушундай жашында көлдү сүзүп өтүү чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

“Сиз жаш муунга дени сак жашоого жакшы үлгү көрсөтүп жатасыз.Биз сизге чың ден соолук, алдыга койгон максаттарыңызга жетүүгө жана жаңы рекорддорду орнотууну каалайбыз”, - деди Аманкулов.

Эскерте кетсек, Бактыбек Турусбеков ушул жылдын август айында Issyk-Kul Swim Challenge марафонуна катышып, Ысык-Көлдү Тоң районунан (түндүк жээк) Тору-Айгыр айылына (түштүк жээги) чейин сүзүп өткөн.

Андан тышкары ЖК аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев жана ЖК ишин башкаруучусу Маратбек Матазимов “КР дене тарбия жана спорт отличниги” төш белгилери менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий