• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө С.Жуманазаровдун элесине арналган «Run the Silk Road» эл аралык марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 5-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 13-майда Чолпон-Атада Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Кыргызстандын 6-эл аралык марафону өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, марафондун программасына сүйүүчүлөрдүн жарышы (5,1 0 км), 21 чакырымга жарым марафон жана 42 чакырымга марафон өтөт. 12-майда балдар жарышы өтүп, ага 7-13 жаштагы балдар катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов белгилегендей, Чолпон-Ата жолу оңдолуп бүтөрү менен марафон сертификациядан өтүп, эл аралык жеңил атлетика фдерациясынын категориясына кирген эл аралык марафондордун катарына кошулат.

“Эл аралык марафон дирекциясы” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Мелис Надыровдун айтымында, марафонго 2000ге жакын адамдын катышуусу уланат. “Бүгүнкү күндө 26 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышууларын тастыкташты. Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан да катышуучулар чакырылган, 60 адамдын катышуусу күтүлүүдө. Азыркы тапта дүлөйлөр коомунан 27 катышуучу билдирме берди”, - деди М.Надыров.

Эскерте кетсек, Сатымкул Жуманазаров – марафончу, 1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен олимпиада тепкичине көтөрүлгөн жалгыз марафончу. Ал үчүнчү болуп мараага келген. Токио марафонунда 5-орун алган.

Пикир

Оставить комментарий