• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө саламаттыкты сактоону каржылоо боюнча Барселона курсу өтөт

Коом 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. 24-28-июлда Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эс алуу борборунда алгачкы жолу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Барселона жайкы курсу өтөт. Аталган иш чара 2011-жылдан бери жаз мезгилинде Барселонада өтүп келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун Барселона кеңсесинен сунуш кылынгандай, курс интенсивдүү окутуу программаларын камтыйт. Бул өз кезегинде саламаттыкты сактоо тармагынын системасын бекемдейт. Анда саламаттыкты сактоо тармагында каржылоону оптимизациялоо аркылуу анын таасирдүүлүгүн жогорулатуунун саясий куралы каралат. Жайкы мектеп төмөнкү темаларда өтөт:

1.Реформаны координациялоо

2.каржылоо булагын көбөйтүү

3.каржы булактарын бириктирүү

4.сатып алуу жана башкаруу

5.кепилдик берген кызматтардын пакетин иштеп чыгуу

Пикир

Оставить комментарий