• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө "Санарип аймак" тутумунун жаңы функцияларын үйрөтүү боюнча семинар башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунда "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын жаңы функцияларын үйрөтүү боюнча окуу семинар башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинардын ишине аталган агенттиктин директору Элчибек Жантаев катышууда.

Семинар Улуттук статистика комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Окуу семинарга Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жооптуу катчылары катышууда.

"Окуу семинардын негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы фунцияларын окутуу жана практикалык түрдө үйрөтүү.

Иш-чаранын алкагында “Санарип аймак” тутумун мыкты алып барып, жакшы көрсөткүчтөргө жеткендиктер агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.

Белгилей кетсек, аталган окуу семинары үстүбүздөгү жылдын 7-октябрына чейин уланып, республикадагы жооптуу катчылардын баары окутулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий