• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады

Кырсык 0


Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, Сары-Камыш айылында 20 га буудай жана беде аянтын каптаган.

Мындан сырткары, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес.

Ошондой эле Сары-Камыш айылында жайгашкан 2 көпүрөнү суу жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий