• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Ысык-Көлдө шайлоо тилкелеринде коомдук тартип бузуу фактылары катталган жок

Шайлоо 2021 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч, шайлоо тилкелеринде кандайдыр бир коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери менен бирдикте коомдук тартипти элдик кошуундардын өкүлдөрү, автомектептердин курсанттары жана ички иштер органдарынын ардагерлери камсыз кылууда.

Ысык-Көл ОИИБден белгилегендей, борбордук башкармалыгында, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын ишмердүүлүгүн кардинациялоо боюнча штабдар түзүлгөн, жетекчилик курамдын тынымсыз кезмети уюштурулган, кошумча күчтөрдүн жардамы менен калктуу пунктардын көчөлөрүндө кайгуул иштери жүргүзүлүп, алардын айрым бөлүгү шайлоо участкаларына жакындатылган.

Пикир

Оставить комментарий